Бүгүн, 14-февралда Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан "Чынар" кафесинен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу маалымат саат 09:43тө түшүп, айтылган дарекке жалпы 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Саат 10:10до өрт чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тилсиз жоо эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз.