Бүгүн, 23-июлда Жети-Өгүз районунун Кытай айылындагы 12 адамдын өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы кичи автобустун жогорку ылдамдыкта бара жатканынан улам келип чыккан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын инспектору Чыңгыз Исмаилов билдирди. “Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, жол кырсыгына кабылган кичи автобуста айдоочуну кошкондо 17 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 10 жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон. Калган жарандар облустук ооруканага жеткирилип, алардын экөөсү ооруканада каза болду. Көз жумгандардын бири кичи автобустун айдоочусу болгон”,- деди ал.