2018-жылы мамлекеттик бюджеттеги дефицит 7 миллиард сомго жакын болду

2018-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 135 миллиард, чыгаша 141 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын директорунун орун басары Марлен Амандыков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бюджеттеги кирешенин көлөмү 2017-жылга караганда 0,5 пайызга өскөн.

"Өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 141 миллиард 533 миллион сом, ал эми киреше 135 миллиард 437 миллион сомду түздү. 2017-жылга салыштырмалуу киреше 725 миллион сомго өсүп, бюджет 95,7 пайызга аткарылды. Дефициттин жалпы көлөмү 6 миллиард 633 миллион сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу дефицит 10 миллиард 743 миллион сомго кыскарды. Бул сумманын 9 миллиард 501 миллион сому ички, ал эми 1 миллиард 980 миллион сом тышкы киреше булактарынан келип түшкөн", - деди Амандыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан