Жакынкы күндөрдө интернет айдыңына "Аксакал мугалим окуучуну сабап жатат" деген видео тарап, талкууга алынган.
Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Март айылдык мектебинде 21-январда орун алган. Аталган мектепте 50 жылдан бери эмгектенип жүргөн мугалим 7-класстын баласын урду делип, сөгүш алган. Бул иш боюнча мугалим иштен алындыбы-жокпу, чоо-жайын билүү үчүн SUPER.KG порталы мектеп директору Жумакүл Абданбаева менен байланышты.
"Айылда мугалим жетишсиз. Ал агай физика-математика сабагынан окутат. 14 саат менен иштейт. Биз мектеп жамааты агайды келип иштей бериңиз деп сурандык. Учурда сөгүш берилгендиги боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуучуну Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тартиби начар деп каттоого алды. Мектепте балдар менен социалдык педагогубуз да иш алып барууда", - деди директор.
Мектепте 272 окуучу билим алат. Физика-математика сабагынан берген мугалим жетишсиз болгондуктан 77 жаштагы агай директордун суранычы менен бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.