Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында ырчы Аваз Акимов менен Айдана Деканын махабат майрамына карата арналган шоу-концерти саат 19:40да башталды. Аталган концертке SUPER.KG порталы да конок катары чакырылган.
Концертти Аваз менен Айдана "Аппагым" деген ыры менен ачышты.
Сахна артына өтүп, сүйүшкөн ырчылардан концерттин алдындагы эмоциялары менен бөлүшкөнгө да жетиштик.
Ырчы мырза толкунданып буларга токтолду.
"Концерттин толук жоопкерчилиги менде болгондуктан толкунданууну сезбей жатам", - деди Акимов.
Ал эми ырчы Айдана Дека бүгүнкү концертке даярдыктар жакшы болгонун айтат.
"Бүгүн концерт деп жүрүп Авазга белек бере алган жокмун. Ал эми Аваз жумуштун көптүгүнө карабай мага таттууларды белек кылды. Мени унутпай кубаныч тартуулаган сүйүктүүмө рахмат", - дейт ырчы кыз.