Бишкекте 34 жаштагы Германиянын жараны изделүүдө

Бишкекте 34 жаштагы Германиянын жараны Вилли Райфшнайдер изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Вилли Райфшнайдер акыркы 2 жылдан бери Бишкек шаарында жашап жүргөн. Ал акыркы жолу 2018-жылдын ноябрь айында жакындары менен байланышкан. Акыркы убакта Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жашап жүргөн.

Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, арык чырай. Чачы кара ийинине чейин жетип турат.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп билген болсо Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө байланышып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефондор: 102, 0 312 36-35-27, 0312 36-35-23, 0552 22-06-92, 0704 31-25-05.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан