Ырчы Жонни Бишкекте алгачкы жеке концертин берип жатат

Бир жыл мурун гана "Күттүм, ай" деген ыры менен Кыргыз сахнасына баш багып, ошол ыры менен элге таанылган ырчы Жонни бүгүн алгачкы жеке концертин берүүдө.Жеке ырчынын тушоо кесүү концерти Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык драма театрында орун алууда.

Концерт саат 19:30 деп белгиленгени менен, жарым саат кечигип башталды. Элдин өзгөчө кол чабуусунан кийин Жонни өзү чыгып келип, сахна көшөгөсүн сөзү, обону өзүнө таандык болгон "Жашоо керемет" деген ыры менен ачты. Ага удаа эле "Сахна - өмүр мага" жана "Мария" деген ырларын гитаранын коштоосунда жандуу аткарды. Мындан тышкары ал "Жазым менин" деген чыгармасын ырчы Сайкал Садыбакасова менен дуэт аткарды. Аталган үч ырдын сөзү Акбар Кубанычбеков аттуу жаш акынга таандык болсо, обондорун Жонни өзү чыгарган.

Сахнада жалпы 20 ыр ырдалса, 13үн Жонни өзү аткарып берет. Калгандары чакырылган конок ырчылар тарабынан аткарылмакчы. Зал жыш элге толуп, концерт жакшы маанайда уланууда.

Белгилей кетсек, Жоннинин бир тууган агасы Нарынбек Маанаевдин 4,5 жаштагы уулу Нуриман операцияга муктаж болуп, ага 30 миң доллар керек болууда. Нуримандын омуртка, жамбаш жана бут сөөктөрү жабыркагандыктан баса албайт.

Джоннинин концертинде “Күттүм айды” эл ырдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан