Эсептөө палатасы Айыл чарба министрлигинде айлык маянага деп 1 миллион сом негизсиз коротулганын аныктады

Эсептөө палатасы Айыл чарба министрлигинин Суу чарба башкармалыгы айлык маянага деп 1 миллион сомду негизсиз пайдаланганын аныктады. Бул тууралуу Эсептөө палатасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасы министрликтин 2017-жылдардагы чыгымдарына аудит жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө бир катар кемчиликтер кеткени аныкталган. Тактап айтканда, министрлик негизсиз айлык төлөөгө, курулуш каражаттарынын баасын кымбаттатып жазууга товардык-материалдык байлыктардын кемүүсүнө жана дайынсыз жоголушуна жол берген.

Баткен, Лейлек, Кадамжай, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыктары айлыкты негизсиз төлөп, андагы сумма 1 миллион сомго жеткен. Курулуш каражаттарын өз баасынан ашыра жазгандан улам келтирилген зыян 727 миң сомго жеткен. Товардык-материалдык байлыктарды туура эмес пайдалануудан чыккан сумма 4 миллион 600 миң сомду түзгөн.

"Мындан тышкары министрликтин аппаратында жана аймактык башкармалыктарында "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча" мыйзамсыз жасалган бир катар иштердин бар экени белгилүү болду. Аудиттин жыйынтыгы менен министрликке бул кемчиликтерди жоюу, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана алдыда андай катачылыктарды кетирбөө тапшырмалары берилди. Мындан тышкары аудиттин материалдары тиешелүү тараптарга жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munar1980
2019-02-14 20:20:17
Иштебеген минстирликтин не кереги бар картошка айдаган дыйкандар банкрот болушту го быйыл
+2
CEO1
2019-02-15 04:08:07
Буга окшогон ашка жук башка жук министрликти биротоло жоюп, министр жана замдарын камап салыш керек болуучу.....
0
semo
2019-02-15 10:02:39
Бир милион негизсиз короткон болсо жуз милион ордуна койсун биз ертелеп карыздан кулайык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан