SUPER TV'нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги каарманы ырчы Курал Чокоев.
Ага автобекеттен Ысык-Көлгө кете турган маршруттук таксиге кардар чогултуп берүү тапшырмасы коюлган. Ырчы сырттагы жааган карга, суук аба ырайына карабастан өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарып, бир сааттын ичинде 2 маршруттук таксини толугу менен толтуруп, андан сырткары бир каттамдын жарымына кардар табууга үлгүрдү.
Ошондой эле ал маршруттук таксидеги элге жандуу үн менен ырдап, концерт коюуга да жетишти.
Жалпысынан өз жумушун так жана бат аткарып, бир саат аралыгында 350 сом каражат тапкан Курал Чокоевдин иштегенин төмөндөгү видеорепортаждан көрүңүз.