Чопо чоор, комуз жана гитаранын коштоосундагы жандуу ырлар. Джонни жеке концертинде эки саат тынымы жок обон созду

Бир жыл мурун гана "Күттүм, ай" деген ыры менен Кыргыз сахнасына баш багып, ошол ыры менен элге таанылган ырчы Джонни 14-февралда Бишкекте алгачкы жеке концертин өткөрдү. Жоннинин чакыруу баракчасында чакырылган ырчы достору менен бирге 20 ыр ырдалары жазылганы менен 2 саат аралыгында дээрлик өзү гана ырдап турду. Албетте, айрым учурда ырчылар Сайкал Садыбакасова, Абир Касенов сыяктуу сахналаш достору менен дуэт аткарды.

Джонни кечеде ар бир ырды жандуу үн менен ырдап гана тим болбостон чопо чоор үйлөп, комуз, гитара чертип, пианинодо кол ойноткону көпчүлүктү кубантты. Мындан улам ар бир ыры аткарылган сайын өзгөчө кол чабуулар болуп жатты. Анан да элдин суранычына да орун берип Кыргыздын жана чет элдик белгилүү ырларды аткарып бергени өзгөчөлүктү жаратты.

Ырчы концерт башталганга чейин айткан сөзүнө караганда тушоо кесүү концертин өткөрүүгө дээрлик жарым жыл даярданган. Концерт өтө жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүктөн улам келген эл Джонни сахнадан өзү басып кетмейинче күтүп турду.

Джоннинин концертинде “Күттүм айды” эл ырдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RaHat19
2019-02-15 09:51:43
Азаматсын Эл мактасын Эл алкасын озунду Элден алыстатпа омурлуу болсун
+1
Skarlett-Skarlett
2019-02-15 16:55:34
Мынча жакшы.Элибиз фонограммадан тажап,жандуу унго суусап калган чагы экен.Орконун оссун!
+1
munduz2016
2019-02-15 17:49:16
Молодес,Джонни...
Кыргыз экен го,ийгилик каалайм!!!
+1
aszyma
2019-02-15 23:04:43
Каетте болду концерт
0
Eliza1991
2019-02-15 23:08:57
Молодец! Жонокой эле семьядан чыккан жигит экен! Иниси айыгып кетсин !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан