Ошто эркектер арасында волейбол жана баскетбол боюнча мелдеш өтөт

Ош шаарында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол жана баскетбол боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 20-21-февраль күндөрү волейбол жана 22-февраль күнү баскетбол боюнча мелдеш өтөт.

Мелдештин катышуучулары эки топко бөлүнөт, анда 1-топто Ош шаарында жайгашкан мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери күч сынашса, 2-топто шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын окуучулары кездешет. Мелдештин финалдык таймашында жеңишке жеткен командалар Ош шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан диплом, кубок жана баалуу белектер менен сыйланат", - деп айтылат маалыматта.

Мелдештин негизги максаты - республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында жайылтуу болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан