Бишкекте 12 килограммадан ашык баңгизаты менен Тажикстандын жараны кармалды

ИИМдин баңгизатынын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 20-июлда ири өлчөмдөгү баңгизатын алып жүргөн Тажикстандын жаранын кармады. Маалым болгондой, Бишкектеги Бөкөнбаев-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде баштыкка салынган 12 килограмм 815 грамм гашиш табылган. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, баасы 18-20 миң долларды түзгөн баңгизаты Кыргызстандан Казакстанга жана Орусияга жеткирилмек экен. Ал эми кылмышка шектүү тажик улутундагы 20 жаштагы жаран Кыргызстанга 3 жашар баласы менен келген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалып, бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандар изделүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mayoral
2013-07-24 11:51:35
Ой Шумдукго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан