Токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер үйлүү болду

Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө кызмат өтөө учурунда токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Бишкектин четинен бир бөлмөлүү үйгө ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге апасы Венера Сейталиева кабарлады. Анын айтымында, каражат Башкы штаб тарабынан бөлүнүп берилди.

"Жардам иретинде ачылган электрондук капчыкка Башкы штабдын кызматкерлери бир күндүк айлыктарын которуп беришкен. Анын суммасы 2 миллион 130 миң сом болду. Жакында эле 20 миң долларга Аскер госпиталына жакын жерден жаңы курулуп жаткан үйдөн бир бөлмөлүү батир алдык. Ал эми калган акчага үйдүн ичин оңдоого жумшап жатабыз", - деди Сейталиева.

Сейталиева уулунун колуна протез салып берүү маселеси азырынча чечилбей жатканын кошумчалады.
"Алгач Башкы штаб батир алууга жана колуна протез салууга жардам беребиз деп айтышкан. Акча чогулуп, аны колума алып жатканда бул акча протез үчүн эместигин белгилешкен. Бирок кийин маселени өзүбүзгө калтырып коюшту. Тагыраак айтканда, "биз силерге акча бөлүп бергенбиз, ошол акчанын эсебинен салып алгыла" дешкен. Өзүбүз эле салып алалы десек ал акчага батир алып, акча ашпай калды. Башкы штаб кийин дагы мени эки ирет чакырып "3 миң доллар бергиле, протез салдырып берели" деп айтышты", - деди колунан ажыраган жоокердин апасы.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 2018-жылы 7-августта Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген. Бишкекке алынып келип дарыланган соң үйгө чыгарылган. Сапарбаев 45 жаштагы апасы Венера Сейталиева экөө атасы каза болуп калып, Бишкекте батирде жашап келишкен. Апасы дыйканчылык талааларында, кээде унаа жуучу жайларда иштеп акча тапчу.

Ал эми жоокердин кырсыкка кабылышы боюнча кылмыш иши ачылып, ал кызмат өтөгөн аскер бөлүктүн эки кызматкери Майлуу-Суу шаардык соттун чечими менен үч жылга шарттуу кесилген. Бирок эки аскер кызматкери шаардык соттун чечими менен макул эместигин билдирип облустук сотко арыз жазышкан. Учурда арыздарды Жалал-Абад облустук сот карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Kattaldym
2019-02-15 11:14:09
Салып ала десек, ао эми...
+1
Nursbaike
2019-02-15 11:50:39
Уй важныйбы . Эээх азыркы апалар дагы тушунуксуз бир башкача болуп кетишти
+7
Eliza1991
2019-02-15 12:49:42
Артканын ремонтуна деп коюп ашпай калды дейт го. Ашканын протезге иштете бербейби. Озу аябай жалкоо элбиз чынында. Ошончо каражат чогулса протез салдырып кое бербейби уйунун ремонту да насибинче болоор эле да. Эл деле бир кундук айлык маянасын жумшап бериптир алардын да уй булоосу бар багыш керек.
+8
Veronica89
2019-02-15 13:12:09
Кудайга тобо кылдымго, мынчалык ач коз болбосок. Кокус ал жерден эмес башка жактан болсо кантет эле?
+5
Bazana
2019-02-15 13:23:55
Ток бар деп кыргызча жазылып туратко , эмнеге барат экен эми пендебизда .
+1
Gulem
2019-02-15 19:00:54
Bazana,бала ток уруп качан больницага түшкөндө,каерде эмне болду деп териштирип барганда жазып улгуруптур,ага чейин жазуу жок ээкен...
+1
adiaza
2019-02-15 13:53:11
Уйду 20 мин долларга алса сом менен 1400000 мин сом болот, калган акчасы 730 мин сом калат экен ошончо акчага бир комната квартираны ремонт кылыш аябай эле коп болуп кетет го, жок дегенде даарыларына кетип атат деп айтса болмок ошондо дагы акча болуп беришмек
+3
adiaza
2019-02-15 14:02:47
Калган акчанын жарымына ремонт кылып калганына протез салдырып берип койсо болмок, эххх кудай баарыбызга ден соолук берсин бул дагы кырсыктын айынан
+2
semo
2019-02-15 14:48:11
Протезге жетет калганы ошончо бериптир кудаага шугур еми арызын алып уч байкушту чыгарып койушсун алардын дагы бала чакасы бар
+1
Samar90
2019-02-15 18:19:20
Кыргызбызда биринчи шугур кылыш керек бергенине. Ушундай заманда бербей койсо не кылмак .алтын балыка окшооп
+1
Eliza1991
2019-02-15 22:54:34
Samar90,Ошону айтсаныз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан