Алып баруучу Нурзат Токтосунова: "Көптөн күткөн ырысыбыз кыбырап жанымда жатат". Наристеге Акбермет деген ысым ыйгарылды

13-февралда Казакстандын Алматы шаарында көз жарган алпаруучу Нурзат Токтосунова наристеге Акбермет деген ысым ыйгарышканын жазды. Токтосунованын көз жаргандыгы тууралуу жаңылыкты SUPER.KG порталына алпаруучунун жолдошу тамада Максат Надырбеков бөлүшкөн.

"Кудайга миң мертебе шүгүр, кызыбыз өмүрлүү, бактылуу болсун! Чоң атасы берметтей аруу болсун деп Акбермет деген ысым ыйгарды. Түбөлүгү түз, дөөлөттүү, артынан көп ини-сиңди алып келген кыз болсун! Кудайым берсе удаа-удаа төрөп, үйдөн чыкпай калайын. Көптөн күткөн ырысыбыз кыбырап жанымда жатат. Ар бир аялга бакыт каалайм", - деп жазды Токтосунова.

Алпаруучу менен байланышканыбызда: "Көз тиет деген нерседен корком. Кызым торолуп чоңойгуча эч жакка чыгарбайм. Ошон үчүн да ашыкча маалымат берүүдөн чектелип турам", - деди.

Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова 35 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
COKE
2019-02-15 11:16:08
айгул койгула
-2
Skarlett-Skarlett
2019-02-15 16:10:17
COKE,эмнеге Айгул?
0
Mur-Naz
2019-02-15 11:44:56
Ылайм коп балалуу болгула кызынар бактылуу кыздардан болсун
+9
Stervamyn
2019-02-15 12:27:33
Жашоодо бул ле тороп жаткансып жаман болду го!Интервью бервейм деп,кацрале берет акырындан
-17
Skarlett-Skarlett
2019-02-15 16:21:37
Stervamyn,Туура жазганды уйрон,уят!
+3
Stervamyn
2019-02-16 10:10:25
Skarlett-Skarlett,ишин болбосун)
-2
Sajakat14
2019-02-15 17:36:11
Stervamyn,Нурзат айым өзү билет көрсөтөбү жаңы төрөлгөн баласын же жокпу. Бирөөнүн тандоосу жакшылыгын сүйүнүү менен, жакшы тилектерин менен колдоп койсо кандай болот?
+1
newman
2019-02-15 22:50:11
Stervamyn, Нурзат көп жылдан бери бала бакыты буйрубай жүргөн. 2018 жылы Москвада Максат менен мавлюд кечесин алып барганда Абдышүкүр Ажыке да балалуу болгула деп 6000 толо зал менен бата берген элек. Ошондуктан мен үчүн Нурзат төрөгөнү өтө жакшы жаңылык.
+1
Stervamyn
2019-02-16 10:12:01
newman,мен жаман жанылык деп жатамбы?Ар бир аял эне болууга тийиш!Мен бардык аялзатына эне болууаун каалаймын .Жон эле биздин "звездалар" кылбайм,мынтпейм,тигинтпейм деп кайра эле экрандан тушпогонуно тан каламын.
-1
zhaku2017
2019-02-15 12:40:48
Акбермет - аты эн сонун экен.
+6
Aikaaaa
2019-02-15 13:03:28
zhaku2017,ооба, нукура кыргызча ат
+6
Asyl10
2019-02-15 13:44:19
Бема акылдуу,омурлуу кыз болсун ылайым, аркасынан кооп ини-синдилерди алып келсин. Нурзат ото акылдуу, таланттуу адам
+11
Kairat1996
2019-02-15 14:13:11
Азамат Нурзат. Дагы коп балалуу бол. Дагы бир кыз тороп калсан атын Акылзат деп коюп койчу. Акбермет кыргыздын нукура аты. Кулака да жакшы угулат экен.
+7
Wold
2019-02-15 15:40:34
Туура кыласың, наристенин сүрөттөрүн эч жакка жарыялабай көз тийет.
+4
Nurkyz1977
2019-02-15 15:52:24
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Кандай болгон кундо да бактылуу болгула. Бала жыты кандай сонун.
-3
Skarlett-Skarlett
2019-02-15 16:22:56
Nurkyz1977,Мынча мыкаачысыз?!Бироонун журогун ооруткан эн жаман адат!
+5
XATSAN125
2019-02-15 17:41:48
Nurkyz1977,адам падам бовойсун
+1
admin_superstan
2019-02-15 18:29:35
Nurkyz1977, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
-1
Sajakat14
2019-02-15 17:22:56
Акбермет жакшы ат экен.
0
nazgul20
2019-02-15 17:25:29
Ошондо Айгерим Расул кызы менен мушташып жургондо боюнда бар бар беле
+3
Stervashka
2019-02-15 18:42:38
Бешик боонор бек болсун! Омуру узун кыз болсун, коп коп бир туугандуу болсун! Нурзат айымга куч кубат, ден соолук, дагы да коп балдарды насип этсин жараткан Аллах! Бактылуу болгула!
+2
Aibyikem
2019-02-16 02:16:08
Омурун берсин жакшы жанылык экен
+1
syrgajan
2019-02-16 03:09:10
Бешик боо бек болсун. Өмүрү узун, бактылуу кыз болсун.
+1
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-02-16 09:14:28
Өмүрлүү, ыймандуу, ырыс-кешиктүү, акыл -эстүү жана эң бактылуу кыздардан болсун! Нурзат эже куттуктайм
+1
Takesha87
2019-02-16 15:25:22
Бешик боо бек болсун! Туура кыласыз эч кимге корсотуунун деле кажети жок, биздикилерге эч нерсе жакпайт, Суротун киргизсе - эмнеге наристенин суротун киргизди деген сыяктуу.. короче омуру узун кыз болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан