Эмгек кодексине ылайык, майрам күндөрү ишемби жана жекшемби күндөрүнө туш келип калса, майрам күндөрдөн кийинки жумуш күнүнө жылат. 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнү ишемби күнгө туш келип калганына байланыштуу, 25-февраль дүйшөмбү күнү эс алуу күнү болушу керек эле.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" токтомуна ылайык, 25-февралдагы эс алуу күнү 2-январга жылдырылган. Буга байланыштуу мамлекеттик мекемелерде эмгектенгендер үчүн 25-февраль иш күнү болуп эсептелет.
Мындан сырткары, 5-Май - Конституция күнү жекшемби күнгө туш келгендиктен, жарандар 6-майда эс алуунун ордуна 10-майда эс алышат.