КИНОЗАЛ! Эксклюзив: Үй-бүлөдөгү аракечтиктин азабын тарткан балдардын тагдыры тууралуу "Кечээ, бүгүн, эртең" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жаш режиссёр Гүлнара Эшалиеванын "Кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы драмасы жүктөлдү. Режиссёр Жумабек Осмоновдун "Шабдалынын гүлү" пьесасынын негизинде тартылган тасма Гүлнара Эшалиеванын, үн режиссёрунун жана оператордун дебюттук эмгектери.

Тасма тууралуу кыскача кеп

Айылдын боз чаң баскан көчөлөрү. Багында алма, жүзүм, шабдалы мөмөсүн төгүп турат. Талаасында жүгөрү дүмбүл байлап калган кез. Эрмектин иниси Замирге айтып баштаган жомогун сырттан мас болуп келген атасы бузду. Үйдүн кожоюну Байыш мындан бир нече жыл мурда кошуна-колоңдордун малын уурдап, абакка отуруп, жакында эле чыккан. Түрмөдөн чыккандан кийин ичкиликке берилип, үй оокаттары менен такыр иши болбой калган. Ал балдарына мээрим төгүп, тарбия бергендин ордуна ур-токмокко алчу. Айылдагылар Эрмек менен Замирди аракеч, уурунун балдары деп оюнга да кошпой, кекетишчү.

Бир күнү күтүүсүз кырсык басып, эки бир туугандын апасы жүрөк оорудан каза болот. Бул окуяга катарлаш эле абактан жаңы чыккан Байышты да милиция кызматкерлери уруулукка шектүү деп кармап кетишет. Бир эле убакта орун алган кырсык, апасынын өлүмү жана атасынын суракка алынышы кичинекей Замирди жалгыз калтырат. Багар-көрөрү жок деп интернатка алып барса, Замир ал жактан качып кетет. Окуя мындан ары курчуп, андагы кайгылуу эпизоддор, аянычтуу тагдырлар чагылдырылып фильм көпчүлүктү ойго салат.

"Кечээ, бүгүн, эртең" тасмасын көрүү мүмкүнчүлүгү эми сизде да жаралды. Тасманы көрүү үчүн шилтеме аркылуу "КИНОЗАЛ" бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан