Ленин райондук сотунда Мурат Суталиновду абактан чыгаруу иши каралууда. Аны абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы түрткү болууда.
Ишти карап жаткан судья ишти териштирип чыккан соң тараптарга сөз берди. Суталиновдун жактоочусу анын рак илдети күндөн күнгө өрчүп баратканын айтты. Ошондой эле комиссия корутундусу буга негиз болуп бере аларын жана ал жаза өтөгөн мекеменин макулдугу бар экенин кошумчалап, Суталиновду абактан чыгарууну суранды.
Ал эми залда отурган прокурор, Суталинов дагы төрт жылдан ашуун убакыт жаза мөөнөтү бар экенин жана өзүнө карата чыгарылган жаза мөөнөттүн үчтөн эки бөлүгүн өтөй электигин айтып абактан бошотууга каршы чыкты. Учурда сот чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражады рагы менен жабыркаарын айткан.