"Элдик фронт" коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев УКМКга суракка чакыртылды

"Элдик фронт" коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев УКМКга суракка чакыртылды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, суракка ал бүгүн, 15-февралда чакыртылган.

Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Мырзаев улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш ишине күбө катары чакыртылган.

Ал эми Мырзаев өзү социалдык тармактагы жеке баракчасына УКМК саат 11:00ге чакырганын жазып чыккан.

"17-январда өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарына каршы өткөн митинг боюнча мени УКМКга суракка чакырышты. Мен ал митингде болгон эмесмин. Биздин "чекисттер" дагы бир жолу мени террорчу кылууну каалап жатышат", - деген ал билдирүүсүндө.

Абдымалик Мырзаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары кызматында иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан