Биз социалдык тармакта

Кыргыз дзюдочулары Орусияда өтө турган Европа чемпиондугуна катышат

Кыргыз спортчулары Орусияда өтө турган дзюдо боюнча жаштар арасындагы Европа кубогуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан кабарлады.

Аталган мелдеш Санкт-Петербург шаарында 16-17-февралда өтөт. Бул мелдешке 15 өлкөдөн барган 256 дзюдочу катышат. Кыргыз өлкөсүнөн ага машыктыруучу Азамат Жасыбаевдин баштоосунда 9 спортчу күч сынашат. Кыргыз курамасынын арасында Азия чемпиону Адиль Мырзаев бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • 60 килограммга чейинки салмак ченинде: Бексултан Эркинбеков, Дөөлөтбек Таалайбек уулу, Кубанычбек Айбек уулу;
  • 66 килограммга чейинки салмак ченинде: Байбол Саламат уулу;
  • 73 килограммга чейинки салмак ченинде: Алибек Керимкулов;
  • 81 килограммга чейинки салмак ченинде: Богдан Филиппиов, Адиль Мырзаев;
  • 100 килограммга чейинки салмак ченинде: Алманбек Мамазаиров;
  • 100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Дастан Сарбатов;
  • Машыктыруучу: Азамат Жасыбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан