Нарын дарыясына чөгүп кеткен балыкчыларды издөө токтотулду

Балык уулап жүрүп Нарын дарыясына чөгүп кеткен адамдарды издөө иштери бүгүн, 24-июль күнү токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 2-июлда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында Нарын дарыясынан балык уулап жүрүп 5 адам сууга агып кеткен. 13-июлдан бери ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 10 куткаруучусу сууга аккан жарандардын сөөгүн издөө иштерин жүргүзүп келишкен. Бирок натыйжа болбогондуктан, 24-июль күнү издөө иштери токтотулуп, түнкү саат 03:10до куткаруучулар өздөрүнүн туруктуу жайгашкан жерлерине кайтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан