Экс-президент жана "Апрель" телеканалына карата берилген доо арыз боюнча кийинки соттук отурум 26-февралда өтөт

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 15-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана "Апрель" телеканалына карата берилген доо арыздын негизинде соттук отурум өттү. Бул тууралуу аталган телеканал кабарлады.

Белгилүү болгондой, соттук отурумдун жүрүшүндө телеканалдын жана экс-президенттин жактоочулары Алмазбек Атамбаевдин маегинин текстине лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү сунушташты. Кийинки соттук отурум 26-февралда өтөт.

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт. Доогерлер телеканал алардын кадыр-баркына шек келтиргенин айтышууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылыптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Мындан улам алар бул маалыматтын негизинде "Апрель" телеканалын жана телеканалдын эфири аркылуу интервью берген экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен. Экс-президенттин маеги бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
interpol
2019-02-16 08:46:03
Урматтуу супер инфо сентябрь теле каналы эми кайра эфирге чыгабы же тап такыр бүттүбү ушуга жооп алып берип койгулачы. Апрелдида жаап салсын анда сентябрды жапкандай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан