Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү УКМКга А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкек ШИИББинин кызматкерлери кылмыш ишин жаап беребиз деп 1000 доллар талап кылганын айткан. Арыздын негизинде териштирүү иштери жүрүп, милиция кызматкерлери жашыруун түрдө баңгизат таштап коюшуп, акча талап кылып жүрүшкөнү белгилүү болгон.
15-февралда С.К. аттуу милициянын майору 600 доллар алып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле аталган кылмышка катыштыгы бар делген А.К. жана И.Н. аттуу жарандар колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө абагына камакка алынышты.