Свердлов райондук ички иштер бөлүмү 1976-жылы 13-мартта туулган Максатбек Эсеналиевге издөө салат. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн маалымат кызматы кабарлады.
Максатбек Эсеналиев ушул жылдын 4-февраль күнү Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголууда. Анын белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кыска, көзү кара. Кийген кийимдери: кара куртка, көк жынсы жана кара түстөгү бут кийимчен болгон.
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде Эсеналиевди көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз. (0553) 102-387, (0554) 102-268, (0772) 05-20-00, (0702) 49-88-88, (0552) 102-743, (0706) 32-62-62.