ЖЫЛНААМА, 16-ФЕВРАЛЬ: "Бай айымдар аны менен түштөнүү үчүн 100 миң доллар төлөөгө даяр". Түштүк Кореядагы белгилүү актёр Ким Су Хён 31 жашка толду

Корей жана Кытай кино индустриясындагы популярдуу жаш актёрлордун бири Ким Су Хён 31 жашка толду. Ал 1988-жылы 16-февралда музыканттын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы 1980-жылдары атактуу болгон рок-ырчысы Ким Чун Хун, аталаш бир тууганы – Ким Ю На да ырчы. Туугандарынын көбү шоу-бизнеске жакын болгону менен, Ким Су Хён түнт болуп чоңойгон. Ал көңүл ачуучу берүүлөрдө суроо-талап жогору боло турган артистке айланарын эч ким ойлобосо керек.

Өзүнүн мүнөзүн, жашоо образын өзгөртүүнү каалап ал мектепте окуп жүргөндө спектаклдерге катышууга белсенет. Сценарий жаттоо, даярдануу процесстеринен кийин келечекте актёр болуу чечимине келет. Ошентип Су Хён Сеулдагы беделдүү жеке менчик университетке окууга тапшырып, театр жана кинонун актёру адистиги боюнча билим ала баштаган. 2003-жылы биринчи жолу мюзиклдерде роль аткарат. 2007-жылы "Kimchi Cheese Smile" телесериалына тартылып дебют жасаган. Андан соң 2008-жылы мектептеги көйгөйлөр, билим алуу жөнүндө тартылган "Аквариум балыктары" сериалына тартылат. Сериал көптөгөн сыйлыктарды алып, актёрдун атактуу болушуна өбөлгө түзүлгөн.

2011-жылы "Кыялдарга жетеленип" сериалында таланттуу айылдык жигиттин ролун ойногон. Ырчы болууну самаган окуучулардын күчтүүлүгүн, кемчиликтерин баяндаган сериал Кореяда жогорку рейтингге ээ болуп, Су Хён чыныгы атактуулукка жетет. Ошондон баштап концерттерге, музыкалык шоу программаларга байма-бай катышып баштайт. Бирок бул атактуулуктун башталышы гана болчу.

2012-жылы "Айдын кучагындагы күн" сериалы экранга чыгып, дароо эле алдыңкы сериалдардын сап башынан орун алган. Ал эми сериалга тартылган Ким Су Хён "Жылдын мыкты актёру" наамын жеңип алат. Популярдуулугу, келишимдүү сырткы келбети менен актёр айдол (Түштүк Кореяда көбүнчө К-Рop ырчыларын айдол деп аташат) категориясына өтүп, жарнактарга тартылып баштайт. Бир жарнамалык келишими үчүн 2 миллион доллар алса, сериалдардын бир бөлүмүнө тартылуу үчүн 84 миң доллар алган.

Бүткүл Азия боюнча атактуулук актёрго 2013-жылы "Жылдыздан келген адам" сериалы экранга чыккандан кийин келген. Сериал Кытайда өзгөчө популярдуу болуп, Ким Су Хён көптөгөн программаларга чакыруу алат. Кытайдагы теле берүүгө калыс катары катышканы үчүн ага 500 000 доллар төлөнүп берилгени маалым. Анын келиши үчүн менчик учак жөнөтүлүп, жүздөгөн күзөтчүлөр актёрдун коопсуздугу сактоо үчүн дайындалышкан. Кытайдагы бай айымдар аны менен түштөнүү үчүн 100 000 доллар төлөөгө да макул болушканы айтылат.

Ким Су Хён тартылган тасмалар, сериалдарды басылмалар шедевр деп баалашат. Ал тасмага тартылуунун оңой жолдорун издебей турганын, өзүнүн колунан келерине ишенген тасмаларга тартыларын айтканы бар. Актёр учурда бойдок. 40 жаштан өткөндөн кийин үйлөнөрүн айтып келет. Спорт менен машыкканды, сүрөткө тартканды жакшы көрөт. 2017-жылдан бери милдеттүү аскердик кызматын өтөп келет. Быйыл июль айында аскердик кызматын өтөп бүтөт.

Тартылган сериалдары: "Kimchi Cheese Smile", "Аквариум балыктары", "Атамдын үйү", "Гигант", "Кыялдарга жетеленип", "Айдын кучагындагы күн", "Жылдыздан келген адам", "Продюсерлер", "Нукура" жана башкалар.

16-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azatbek.Svoboda.
2019-02-16 20:46:46
Назикко.
+2
Altyn2017
2019-02-16 20:55:46
корейлер озү назик болушатда
+2
altynka95
2019-02-17 07:48:10
Солнце в объятиях луны вообще сонун кино
0
Nursbaike
2019-02-17 13:50:16
кепетенен ий чырагым кирпич куйдуруш керек экен бул жигитке
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан