Алып баруучу Урмат Борченов бойдокчулук менен коштошту

Бүгүн, 17-февралда коңур үнү менен таанылган теле жана радио алып баруучу Урмат Борченов сүйүктүүсүнө баш кошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын досу, алып баруучу Улук Сапаров билдирди.

Анын айтуусунда, жаштардын үйлөнүү тою Бишкектеги тойканалардын биринде өтүүдө.

"Борченовдун сүйүктүүсү авиакомпаниялардын биринде стюардесса болуп иштейт. Эки жаштын жакшылыгына ырчылар Курал Чокоев, Данияр Эрматов, тамашоучу Актан Рыскелдиев, Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу жана башка чыгармачылыктагы жакын достору келди. Алар келген коноктордун маанайын көтөрүп, той ыр, бий менен коштолуп жатат", - деди Сапаров.

Урмат Борченовдун жаштарды чогулткан тою
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umka22
2019-02-17 21:25:25
Бактылуу болушсун кармашкан колунар туболук болсун
+10
bond02
2019-02-17 22:55:25
Оозду жап.
0
Nur777
2019-02-17 22:58:58
Суйгонун тапты,суйгонуно белек берди,суйгонунун колун сурады,бутун опту дебей эле ушундай жакшынакай свадьбасынан кыска да нуска кылып репортаж берип койсо болот экен го!
Бактылуу болгула,эн скромная пара экенсинер,азаматсынар!))
+21
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан