23-июлда Кыргызстанда 6 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы орун алган. Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Чычкан айылындагы ачык аймакта 10 гектар жайыт күйүп кетти. Учурда өрт эмнеден улам келип чыкканы такталууда.