Москвада курьер болуп иштеп жүрүп жол кырсыгынан каза болгон жарандын денеси жерге берилди

14-февралда кечке жуук Москвада жол кырсыгы катталып, Кыргыз жараны каза болгону тууралуу маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, кырсык Москва шаарынын Орехово бульварында катталган. Каза болуп калган бала "Якитория" аттуу ресторанда курьер болуп иштечү. Ал 1995-жылы туулган Нургазы аттуу бала болгон. Москвада Нургазыны тааныган жердештери анын жансыз денеси өлкөгө жеткирилгенин айтышты.

"Нургазы менен Москванын Кантемировский метросунда кошуна жайгашкан үйлөрдө жашачубуз. Ал Баткен облусунун тургуну болчу. 16-февралда туугандары Кыргыз өлкөсүнө алып кетип, жерге беришкен. Анткени ал туугандары менен чогуу Москвада иштеп жүргөн экен. "Якитория" ресторанына жумушка киргенине аз эле болгон, өзү үйлөнө элек бала болчу", - дешти алар.

"ЭЛДИК КАБАРГА" маалымат жиберген окурман каза болгон жаран кезектеги буюртманы жеткирип келүү үчүн унааны шашып айдап бараткан деп билдирген. "Якитория" рестораны кардарга 45 минуттан кечиктирип жеткирсе курьерге айып салат. Ошентип шашып баратып киши ташыган автобус менен сүзүшүп алыптыр", - деген ал.

Москвада жол кырсыгы катталып, кыргыз жигити каза болду (14.02.19)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pchelka85
2019-02-19 18:57:59
То кыз дейсинер. То эркек бала болуп калат
Бул кабар такпы деги?
0
adiaza
2019-02-19 20:13:54
Мен да тушунгон жокмун, эко эки башкабы же такталбаган кабарбы?
0
asdef
2019-02-19 20:47:34
Мен дагы тушунбодум кызбы балабы?Эртен кыз экен деп журбогуло
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан