Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алды

Бишкек-Ош жолунда 2 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, 6 адам жаракат алганын ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. Окуя 17-февралда орун алган.

"17-февраль күнү саат 05:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде токтоп турган Мерседес-Бенц-Гигант үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны артынан келип сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. ӨКМнын куткаруучулары жерине барып, унаанын ичинде кыпчылып калган 2 адамды чыгарышкан. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген", - деп билдирет ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан