Орусияда 26 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү, күйөөсүнүн досу жана кайненеси кармалды

Орусияда 4 жаштагы кызын жалгыз тарбиялагысы келген 28 жаштагы адам апасы менен кеңешип, досуна акча убадалап, аялын буюртма менен өлтүртүүгө шектелип бир нече күн мурун кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 14-ноябрь күнү үйүнө кирип келаткан 26 жаштагы Елена аттуу келинди подъездден белгисиз адам башына күрөктүн сабы менен чаап кеткен. Башынан оор жаракат алган келин бир нече жумадан кийин ооруканадан көз жумган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү жаран кармалган. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, ага буюртманы аялдын күйөөсү жана кайненеси берген. Тергөөгө белгилүү болгондой, 28 жаштагы Москванын жанындагы Подольск шаарынын тургуну апасы менен кеңешип, ажырашып кеткен аялын өлтүртүп 4 жаштагы кызын алмай болгон.

"Маркум келин менен анын күйөөсү бир нече жыл мурун баш кошушкан. 2014-жылы алар кыздуу болушкан. 2018-жылы пикир келишпестиктен улам экөө эки жолго түшүшкөн. 28 жаштагы жарандын өзүнүн үйү жок болгондугуна байланыштуу ал аялы жана кайненеси менен жашап келген. Анын үстүнө анын туруктуу жумушу жок болгондуктан ал көп убактысын кызын тарбиялоого жумшаган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалган күйөөсү аялына кызын апасы экөө тарбиялап аларын айтып келгени аныкталган. Аялын өлтүрө турган адамга 150 миң рубль убадаланган, бирок акча берилген эмес. Учурда жаш келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү, кайненеси жана досу кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
katerina.li
2019-02-19 09:39:45
Апасын олтуруп алып кызы менен кантип жашамак??кандай тарбия бкрмек? Соз жок
0
Aruwka.89
2019-02-19 13:52:00
katerina.li, ошол кайненесинин деле мээси жетпептирби все таки АПА го,
0
Azatbek.Svoboda.
2019-02-19 23:56:58
Жаман болуптур орустарда уй кызга калат бала чыгып кетет. Зоокур ошол аялыныкында жашаган админ айтып жатпайсынарбы уйу жок деп ошол кыздын уйу эринин уйу болотда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан