Мас абалында кызматкерин зордуктоого аракет кылган Якутиянын ички иштер министринин орун басары Николай Мамчур 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы апрель айында болгон окуя боюнча соттук териштирүүлөр эми аягына чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, мас абалдагы жетекчи түнкү нөөмөттөгү 24 жаштагы кызматкерин кабинетине чакырган. Жетекчи кызматкеринин каршылыгына карабай ага карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоого аракеттенген. Бирок жабырлануучу кабинеттен качып чыгууга жетишкен.
"Жабырлануучу тергөө комитетине арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Бул окуя тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккандан кийин министрдин орун басары отставкага кеткен. Кийин ал өз өмүрүн кыюуга аракеттенген, бирок дарыгерлер аны сактап калышкан. 11-февраль күнү сот кылмышка шектелген жетекчини аскердик наамдарынан жана 5 жылга эркинен ажыратып, залдан камакка алды", - деп айтылат маалыматта.