Парламент комитетинде "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралат

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Баяндаманы Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов жасайт. Күн тартипке ылайык, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында 2 маселе талкууланат. "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоору каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан