Москвада 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип анын кошунасы кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, окуя 16-февраль күнү Москва шаарынын түндүк-батыш районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган. Анда лифтке түшкөн мектеп окуучусунун артынан ошол эле үйдүн тургуну ээрчип барып, акыркы кабатка чыкканда зордуктаган. Шектүү 24 жаштагы эч жерде иштебеген адам экени аныкталды.
"Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү окуядан 20 мүнөттөн кийин полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.