Күйөөсүн жиликтеп 16 жылга эркинен ажыратылган Айдай Субанова 2029-жылы эркиндикке чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Буга чейин эркинен ажыратылган аялдар өз өмүрүнөн кооптонуп, ал менен бирге отурууну каалашкан эмес деген маалыматтар айтылган. Буга аталган мекемеден төмөнкүдөй жооп кайтарылды:
“Азыркы учурда Айдай Субанова аялдар абагында жазасын өтөөдө. Аны менен бирге жазасын өтөп жаткан аялдардын маалыматына ылайык, Субанованын жанында отурууну каалабай же өз өмүрүнөн кооптонгон учурлар болгон эмес. Учурда Субанова абактын ичинде чарбалык иштер менен алектенет.
Айдай Субанованын жаза мөөнөтү 2029-жылдын 26-ноябрында аяктайт. Аны менен жолугушууга апасы, тууган-уругу үзгүлтүксүз келип турат”.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышты моюнуна алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошев 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.