УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 3000 доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүн биринин А.Ю. аттуу жараны кармалды. Мындай маалыматты аталган кызматтын басма сөз катчылыгынан билдиришти.
"15-февралда кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң доллар талап кылган. Аталган факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин (“Опузалап пара талап кылуу”) негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Кармалган жаран 16-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.