Биз социалдык тармакта

"Элдик фронт" коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев кайрадан УКМКга суракка чакыртылды

"Элдик фронт" коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев кайрадан УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу Мырзаев маалымдап, бүгүн саат 14:00гө чакыруу келгенин билдирди.

"Мени террорчу кылгылары бар көрүнөт. Бул бийликтен эмнени күтсө болот?" - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Маалыматты Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы тастыктап, Мырзаев улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш ишине күбө катары чакыртылганын айтты.

Мырзаев 15-февралда дагы УКМКга суракка чакыртылганын айтып: "17-январда өлкөдө мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы өткөн митинг боюнча мени УКМКга суракка чакырышты. Мен ал митингде болгон эмесмин. Биздин "чекисттер" дагы бир жолу мени террорчу кылууну каалап жатышат", - деген.

Абдымалик Мырзаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары кызматында иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2019-02-19 14:51:54
Тынч отурган жаранды кантип эле УКМКга чакырсын. бул кшинин бир мандеми бар да. Ошого чакыртып жатат. Эми мыйзам алдында жооп берсин.
0
Bazake
2019-02-19 14:52:07
Бул бийлик деп оозун чойбой эле койсо болмок. Көргөнбүз Мырзаевдин бийликте турганын. Данияр Усеновго кошулуп алып Шампанвинкомбинатты талкалагынын. Антикытай акциясынын артында турганы тастыкталып калып ойноктой баштаган экен. Жооп берсин эми!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан