Жумгал районунда дарыяга түшүп кетип изделип жаткан 9 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каза болгон баланын айылдаштары, Кабак айылынын жашоочулары билдирди.
Айылдын тургунунун айтымында, 9 жашар бала 3 күн мурун Көкөмерен дарыясынын жээгине чыгып калган.
"Кечээ, 18-февралда балага куран окутулду. Ал эми анын сөөгүн табылган күнү эле жерге беришкен. Айтылган маалыматтар боюнча, дарыянын жээгинен аны байкеси таап алган", - дейт айылдын тургуну.
Буга чейин Жумгал районундагы Кабак айылында 7-декабрь күнү саат 14:00 чамасында Көкөмерен дарыясына 2009-жылы туулган К.Б. аттуу бала түшүп кеткен.