Москвада жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулу бүгүн, 19-февралда эркиндикке чыкты. Муну SUPER.KG'ге "Замандаш" партиясынын өкүлү Эрлан Бекчоро уулу тастыктады. Анын айтымында, Анарбек уулу учурда экиндикке чыгып, жакын адамдары менен жолугушуп жатат.
Ал 2018-жылы 16-июнь күнү Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде мексикалык футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция кызматкерлерине сурак берип жатканда күнү-түнү иштеп уктабагандыктан жолдо уктап кеткенин айткан.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Анарбек уулу тергөө абагына камакка алынган болчу. Москва шаарынын Тверь райондук соту Анарбек уулун 1 жыл 6 айга кара жумушка тартууну чечсе, Смоленск облустук соту аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чечим чыгарган.