Бишкекте кызылча оорусун жуктурган 53 адам ооруканада жатат. Алардын көбү 1 жашка толо элек балдар

Бишкектеги Жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканасында кызылча оорусу менен кайрылган 53 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Дарыгердин айтымында, кызылча менен ооруканага жаткандардын 26сы 1 жашка толо элек балдар. Ал эми калгандары 1 жаштан өйдөгүлөр жана 5 чоң адам бейтапканада.

"Кызылча оорусу менен кайрылгандардын саны бир сутка ичинде 10 адамга жеткен. Алардын жетөө ооруканага жаткырылды. Учурда дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Дары-дармек жетиштүү", - деп билдирет Аалиев.

Кызылча оорусу жугуштуу оорулардын катарына кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан