Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын бийчиси Фарух Садыркулов Кыргыз тарыхында алгачкы жолу Москва шаарында өткөн мелдеште жеңүүчү болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Гүлмира Уметалиева билдирди.
Маалыматка ылайык, Фарух Садыркулов 14-17-февраль аралыгында өткөн "Dance Moscow" аттуу мелдешке катышкан. Бул мелдеш Театр искусство институтунун жана СССРдин Эл артисти Иосиф Кобзондун демилгеси менен уюштурулган. Бул мелдеш жыл сайын өткөрүлүп, ага Орусиянын жана башка мамлекеттерден барган жаш таланттар катышат.
Фарух Садыркулов программасын ийгиликтүү көрсөтүп, калыстардын эң жогорку упайларына ээ болду.