Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсүндө жол тандабас унааны башкарып бара жаткан айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 19-февралда саат 14:00 чамасында катталган.
"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан 46 жаштагы айдоочу батышты көздөй бара жаткан жөө адамды сүзгөн. Ал эми жаракат алган адамды "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу барды", - деп билдирет басма сөз кызматы.