Орусиянын Москва шаарында 34 жаштагы Кыргыз жараны Чыңгыз Керимбек уулу үйдүн чатырынан кулап кетип, эки буту жана жамбашы сынды. Бул тууралуу Москвадагы Чүй коомунун өкүлү Улан Курманбеков социалдык баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Чыңгыз Керимбек уулунун учурда абалы оор. Окуя болгон күнү Керимбек уулу кошумча каражат табуу максатында эч кандай келишими жок жумушка иштегени барган. Ал иш учурунда үйдүн чатырынан кулап кеткен.
"Кырсык 15-февралда болгон. Кырсыктан мекендешибиздин эки буту менен жамбашы сынган. Жыгылгандан кийин ал Жуковск шаарындагы ооруканага жеткирилип, тез арада операция жасоо керектиги айтылган. Бирок каражат жок болгондуктан ага ал күнү операция жасалган эмес. Учурда мекендешибизге дарылануу үчүн жардам керек", - деп билдирет Курманбеков.
Анын айтымында жабырлануучуга жумуш берген адам 40 миң рубль бере турганын айткан. Бирок ал азырынча 15 миң рубль бергенин, калганын дагы да бере турганын айткан.
Мындан улам операциясына көп суммада акча керек болуп жаткан мекендешибизге жардам берүүнү каалагандар үчүн "Сбер банктан" банктык эсеп ачылды: 4276 3801 7006 4930. Алуучу: Улан Курманбеков.