2015-жылы Кочкор районунун 36 жаштагы тургунун белгисиз жарандар айылдын четиндеги мүрзө тарапка алып барып, колу-бутун сындырып, тиштерин аттиш менен сууруган окуяга шектелип эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, резонанстуу бул кылмыш ишин иликтөөгө 4 жыл кеткен. Анда 2015-жылдын декабрь айында Кочкор районунун айылдарынын биринен белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду сабашкан. Анда кылмышкерлер жабырлануучуну үйүнөн эшикке чыгарып унаага салып, киши жок жерге алып барышкан. Кийин аныкталгандай, жабырлануучуну айылдын четиндеги мүрзө тарапка алып барып, катуу ур-токмокко алышкан. Аны ар кандай жол менен кордошуп, денесине оор залал келтирип, темир буюм менен уруп буту-колун сындырып, тиштерин аттиш менен жулушкан. Жабырлануучу көптөгөн жаракаты менен аймактык ооруканага жаткырылган.
Бул факт боюнча Кочкор РИИБи 2016-жылдын январь айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кийин ал 104-беренеге өзгөртүлгөн.
"Ыкчам тергөө амалдары учурунда окуяга катыштыгы бар делип эки адам кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турушкан. Кылмыш иши ошол эле жылы ИИМдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүшкө алынып, кармалгандар узак убакытка соттолушкан.
Кылмыштуу топтун катышуучуларынын бири качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми Чүй облусунун Токмок шаарынын 1989-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу 2016-жылдын апрель айында эл аралык издөөгө алынган. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. 2019-жылдын 16-февраль күнү А.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш ишине тиешеси бардыгы иликтенип жатат", - деп жазылат маалыматта.