Орусияда 11 жаштагы Кыргыз жаранын муунтуп өлтүргөн жездеси 19 жылга кесилди

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы баланы муунтуп өлтүргөн жездеси 19 жылга кесилди. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

2018-жылы 26-январь күнү Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы Салмон Мадумаров дайынсыз жоголгон. Анын жансыз денеси 2 жумадан кийин табылган. Бул кылмышка шектүү катары баланын апасы жана 22 жаштагы жездеси Ж.Достонбек кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгында 11 жаштагы баланы жездеси өлтүргөнүн моюндаган.

"Баланын апасы менин жеке жашоомо кийлигише берчү. Баланы өлтүрүү менен андан өч алгым келген. Себеби апасы Салмонду аябай жакшы көрчү", - деп айткан шектүү тергөөдө.

Маалыматтарга караганда, Салмондун апасы жумушсуз күйөө баласын ишке орноштурууга аракет кылып, жаш үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп келген. Күйөө баласын таксиге ишке чыгаруу үчүн жолдошун унаасын бергенге макул кылган. Ошол унаага Салмонду салып барып өлтүргөн.

Айыпталуучу сот залында күнөөнү моюнуна алган эмес жана ал тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан