Бишкек шаарынын бир катар бөлүгүндө электр жарыгы жок. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарык Асанбай, 7, 8, 9, 10, 12-кичи райондорунда өчкөн. "Түндүк электр" ишканасы маалыматты тастыктап "Абдыкалыков" подстанциясында авария болгонун айтты.
"Учурда жеринен биздин кызматкерлер иштеп жатышат. Кээ бир аймактарда жарык күйгүзүлүүдө", - деп билдиришти "Түндүк электр" ишканасынан.