Орусиялык ырчы Витас 40 жашка толду. Ал 1979-жылы 19-февралда Латвиянын Даугавпилс шаарында төрөлгөн.
Өз аты Виталий Грацев. 7 жашында Одессага көчүп кетишкен. Витас орус эстрадасына 1999-2000-жылдары келип, дароо эле өз күйөрмандарынын тобун тапканга жетишкен. Башка ырчылардай болуп басма сөзгө интервью бергенди жактырчу эмес.
Себеби "Өзүң ырдайсыңбы же чын эле экинчи үн жасатып, моюнуңа бир нерсе тиктирип алдың беле? Эмне үчүн аялдар сыяктуу ырдайсың?" деген суроолор анын ички дүйнөсүнө жана карьерасына терс таасирин тийгизет деп эсептеген.
Витас өзгөчө үнү менен Кытайды багынткан деп айтууга болот. Анын Кытайдагы концерттерине 45 миңге чейин күйөрмандары келери маалым. Ал жактагы популярдуулугу артып, Витас Гуанчжоуго жакын жерге үй салууга жетишкен. Ал күйөрмандары көп болгондуктан концерттен кийин жашынып чыккан күндөрү болгонун айткан.
Витас маалымат каражаттарына көп маек бербейт. Айрым маектеринде келечекте рэп ырчысы Pitbull жана ырчы Леди Гага менен ыр жаздырууну пландаганын билдирген. 2006-жылы Витас Светлана Грачёвага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул, бир кызы бар.
19-февралга карата жылнаама