Орусияда Николай Шакиров аттуу 17 жаштагы студент бир Кыргыз жаранын бычактап өлтүрүп, дагы экөөнө кол салган деп шектелип кармалганын орусиялык ЖМКлар жазууда.
Андагы маалыматтарга караганда, ал ушул жылдын 22-январында Москва шаарынын түштүк-батыш тарабында Кыргыз жаранына 8 жолу бычак сайып өлтүргөн. Анын жансыз денеси табылып, ал 28 жаштагы Мусулманкул Камбарали уулу аттуу жаран экени белгилүү болгон.
Шектүү муну менен эле токтоп калбастан 9-февралда Москвадагы Гольяново районунда дагы бир адамга кол салып, ден соолугуна оор зыян келтирген. Ал эми 13-февралда дагы Кыргыз жеринен барган 19 жаштагы адамга кол салып, анын да ден соолугуна оор зыян алып келген.
Маалыматта полиция Николай Шакировду 15-февралда колго түшүрүп, Орусиянын Кылмы-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" жана "ден соолукка атайлап оор зыян келтирүү" беренелери менен айып тагууда.
Азырынча Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги жогорудагы фактылар боюнча маалымат бере элек.