Бишкекте Лексус менен мамыны сүзүп каза болгон адам Арсланбек Тойдиев экенин SUPER.KGге 19-февралда Ички иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалым болгондой, ал Орусиядан уурдалган унаалар боюнча шектүү катары тергөөдө жүргөн.
Арсланбек Тойдиев 17-февралда Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус унаасы жол боюндагы мамыны сүзүп каза болгон. Ал эми жанында бараткан стилист Асел Мамбеткалиева кырсыктан жаракат алып ооруканада жатат.
2018-жылдын январь айында интернетке чет өлкөдөн унаа ташып келип иштеген Арсланбек Тойдиевдин атынан делген кат жарыяланган. Ал катта Тойдиев кокустуктан же болбосо кыйноого кабылып каза болсо, күнөөлүүлөрдү ИИМдин жетекчилигинен издөө керектигин белгилеген. Ошол эле убакта Орусиядан уурдалган 45тен ашык унаанын Кыргыз мамлекетинен табылышына "министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жана анын кол алдындагылардын катыштыгы бар" деген маалыматы жарыяланган.