Бишкекте ымыркай сатууга шектелген акушерлер аялдарга төрөттү тездетүүчү каражаттарды беришкени айтылды

19-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 7 ымыркайдын сатылышы боюнча камакка алынган медицина кызматкерлеринин соту болду.

Анда прокурордун жардамчысы Асланбек Назырынбеков коюлган айыпты окуду. Анда акушер-гинеколог "Ирида Мед" жеке менчик борборунда төрөт үчүн шарт жок болгонуна карабай аялдардын төрөтүн кабыл алганы, аялдарга төрөттү тездетүүчү каражаттарды беришкени айтылат. Мындан сырткары төрөгөн энеге ымыркайы өлүү экенин айтып, бирок баланын денесин көрсөтүшкөн эмес. Кийин ымыркай чарчап калганда Кант шаарына бара жаткан жолго ыргытып жиберишкени маалымдалды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Милиция кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын 7-сентябрында бала сатууга шектелип Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору кармалган. Бала сатууга шектелип кармалгандар - №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 1 гинекологу, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган.

Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлерине "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
madina.87
2019-02-20 01:18:41
Акыретте азабыңар мындан да каттуу болот го, адам ХХХХ ХХХХ
+4
bessmertiy
2019-02-20 12:30:53
Неңдурайындар бирөөнүн канча кыйналып, толгонуп, күтүп жүрүп төрөгөн баласын өлтүрүп анысы аз келгенсип жолго ыргытып жибергени эмнеси.
+1
binur5
2019-02-20 14:46:40
Акмактар жазасын кучотуу кк экен бироолордун баласына коз арткандарын кара
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан