Москвада жигитине болушкан кыз 17 жаштагы баланы бычактап салды

Москва шаарынын түштүгүндө 17 жаштагы кыз жигити менен жакалаша кеткен адамды бычактап салды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 18-февраль күнү саат 20:00 чамасында Чертанов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунда орун алган. Анда пикир келишпестиктен улам жигити менен мушташа кеткен Антон аттуу жигитти кыз сол капталына бычак менен шилтеп жиберген.

"Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, жаракат алган жерин тигишкен. Жабырлануучу тез арада ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча полиция текшерүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
raykray
2019-02-20 10:29:46
Анан кыргыздарыма эн пайдалуу жанылык деп койсонор))
+6
Dembele84
2019-02-20 11:39:50
Антон деп таза жазыпсынар го а
+7
Sarinakg
2019-02-20 14:18:37
Бизге негизи мундай жаңылыктын кереги жок
+3
chyngyz84
2019-02-20 19:51:46
.
-1
sherzatik
2019-02-21 02:36:23
Кыргыздар окшойт деп дароо ачып окуй калдым эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан