Санкт-Петербургда 17 жаштагы мектеп окуучусун бир түндө 5 адам зордуктап кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя мындан 2 күн мурун болгон. Анда социалдык тармак аркылуу мектеп окуучусу менен таанышкан 27 жаштагы жаран кызды сабактан кийин үйүнө алып барган. Ал жактан кызга ичимдик берип мас кылып, өзү жана 3 досу мастыгынан пайдаланып зордукташкан. Андан кийин кылмыштын бетин жабуу максатында кызды көчөгө алып чыгып таштап кетишкен. Көчөдө жаткан кызды өтүп бараткан 36 жаштагы таксист унаасына салып кетип, ал да зордуктаган. Жоопкерчиликтен кутулуу максатында кызды аялдамага таштап койгон.
"Эртең менен жабырлануучунун абалын көргөн адамдар "Тез жардам" чакырышкан. Узак убакыт көчөдө жатып калган кыздын өпкөсүнө суук тийген. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, бул окуя боюнча зордуктоого таксист гана айыпталууда. Кызды ага чейин зордуктаган адамдардын аракеттеринен полиция кылмыштын белгилерин тапкан эмес. Социалдык тармактан таанышкан киши кызды көчөгө таштап кеткени үчүн гана 1 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.